• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө 12 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды

5 Тогуздун айы 202212:38 Бишкек Govori.TV

Сокулукта 12 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-октябрда Сокулук райондук РИИБге 2010-жылы туулган өспүрүм болжол менен саат 10:30 чамасында үйдүн короосунда асынып, каза болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн.

«Аталган факты боюнча Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, атасы урушуп, эшикке чыгарбай койгондугу үчүн асынып калганы аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки амалдар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 213