• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө 35 жаштагы киши бакка асынып алды

21 Бугу 202111:07 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва районунда 35 жаштагы киши асынып алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү саат 18:26 чамасында «102» кызматына Петровка айылынын Степная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосундагы бакта эркек киши асынып, өз жанын кыйгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Куткаруучулар жерине барганда, славян улутундагы 1986-жылы туулган эркек киши асынып өз өмүрүн кыйгандыгы такталган. ӨКМнын куткаруучулары маркумдун сөөгүн алып түшүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 193