• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Ак-Ордо-3» жаңы конушунда 14-жаштагы өспүрүм электр болгаркасы менен өз жанын кыйды

10 Чын куран 2021 9:51 Бишкек Govori.TV

14-жаштагы өспүрүм бала электр болгаркасы менен өз жанын кыйды. Бул маалыматты Kaktus.media сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде болжол менен саат 13:45те 102 номерине «Ак-Ордо-3» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде өспүрүм бала өзүн жарадар кылды деген билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин райондук ИИБсинин жетекчилиги жан ыкчам-тергөө тобу барган. Үйдүн ичинен 2007-жылы туулган С.С.тин денеси табылган. Ал электр болгаркасы менен моюн тарабын кесип, жеринде каза болгон.

Бул факт ИИБнин КЖБРине катталып, тиешелүү судмедэкспертиза дайындалды. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 1520