• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ӨКМ: Өз жанын кыйган жигит менен психологдор тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүшкөн

27 Тогуздун айы 2021 21:03 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан секирген жигит менен психологдор тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 12:30дар чамасында министрликтин Куткаруу кызматына өзүнүн жанын кыюуга аракет көрүп жаткан жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин 10 адамдан турган куткаруучулары, анын ичинде эки психолог жана бир тез жардам бригадасы дароо жерине чыгып кетишкен.

«Психологдору жигит менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүп, аны сактап калууга аракет кылышкан. Жигит куткаруучуларга жана психологдорго өз жанын кыюу үчүн чечим кабыл алганын билдирген. 4 сааттык сүйлөшүүдөн кийин жанын кыюуга аракет жасаган жаранды ӨКМдин психологдору көндүрүп, жигит аларды көздөй бет алган. Бирок күтүүсүздөн бурулуп 9-кабаттан секирип кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт

Количество просмотров: 8705