• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Чүйдө 18 жана 16 жаштагы кыздар сууга чөгүп кетишти

10 Теке 202114:21 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда эки кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздар Ысык-Ата районунун Эпкин айылында жайгашкан көлмөгө чөгүп кетишкен. Алар 2003-жылы туулган К.А. жана 2005-жылы туулган Э.к.А. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 18:03тө 3 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында 2003-жылы туулган кызды жансыз денеси саат 19:30да, ал эми 2005-жылы туулган кыздын жансыз денеси саат 21:10до табылган. Кыздардын жансыз денелери ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 161