• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Чүйдө 3 миң долларлык зер буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды

18 Теке 2022 17:19 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда 3 миң долларлык зер буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызмтаты кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына Б.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 1-3-июль күндөрү белгисиз адамдар үйүнө кирип, 3 миң долларлык алтын жана күмүш буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Жогорудагы кылмышка шектелип 21 жаштагы П.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 186