• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө 33 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду

13 Аяк оона 202211:18 Бишкек Govori.TV

Ысык-Атада 33 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-сентябрда Ысык-Ата райондук милициясына аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 33 жаштагы С.З. аттуу келин дене жаракаттары менен түшүп, каза болгону тууралуу маалымат келген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында окуянын чоо-жайы такталып, өлгөн жарандын күйөөсү 40 жаштагы К.М. үйүндө арак ичип отуруп, уруш чыгарып аялын сабагандыгы аныкталды.

Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Количество просмотров: 1320