• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө 5-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйды

5 Бештин айы 2019 12:37 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамаларында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, жаш өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинен өз өмүрүн кыйганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя болгон жерге РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда ал 2008-жылы туулган К.Н. экендиги маалым болуп, денесине кароо жүргүзүү учурунда моюнунда жиптин изинен башка жаракаттар аныкталган эмес.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын алкагында каза болгон өспүрүм Чүй районунундагы орто мектептердин биринде 5-класстын окуучусу болгону жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери
улантылууда.

Количество просмотров: 270