• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө 5 жаштагы бала өгөй атасы тарабынан сабалды

24 Бирдин айы 2021 8:28 Бишкек Govori.TV


Чүйдүн Ысык-Ата районунда 5 жаштагы өгөй баласын сабоого шек саналган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, беш жаштагы баласын өгөй атасы сабаганы тууралуу арыз менен милицияга баланын апасы кайрылган. Окуя 22-февралда, саат 21:00 чамасында болгон. Аялдын айтымында, 22-февралда жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын уруп жатканы көрсөтүлгөн.

Милиция арыздын негизинде 33 жаштагы тургунду кармаган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, сабалган бала аялдын мурдагы никесинен. Баланы урган күйөөсү менен жарандык никеде жашап, бир балалуу болгон.

Балага кол көтөрдү деген кине менен кармалган жаран Ысык-Ата райондук ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 376