• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Чүйдө 52 жаштагы жаран фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалды

1 Теке 2022 12:04 Бишкек Govori.TV

Фейсбуктагы баракчасында улут аралык кастыкты козутуу, чагымчыл маанайдагы билдирүү жазган деп шек саналып Чүйдүн Москва районунун 52 жаштагы жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-июнунда социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусунун улут аралык кастыкты козутуучу, чагымчыл мүнөздөгү белгилери бар баракчасын аныкташкан.

Соттун чечими менен ал жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук жана уюлдук телефон алынган. Учурда шектүү Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 5850