Чүй районунда аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-июль күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Чүй районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүмүнө Чүй айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 1958-жылы туулган Т.С. экендиги такталып, жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда дене жаракаттары аныкталган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалаган.
Милиция кызматкерлери тарабын жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон аялдын 32 жаштагы баласы Т.А. ата-энесинин үйүнө келип жансыз денени көрүп калганы маалым болгон. Кылмышка шектелип, каза болгон аялдын күйөөсү 1957-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.