Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө чет элдик жарандар тарабынан мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда тараган видеонун негизинде министрликтин Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору дароо тиешелүү текшерүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.
«Балык уулоонун эрежелерин сактабаган жана мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар чет өлкөлүк жарандардын өздүгү такталып, укук коргоо органдары тарабынан кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү юридикалык баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү иштери жүрүүдө.