• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

25 Бугу 202217:18 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда алдамчылык жолу менен жерге ээлик кылган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-майда милицияга 1951-жылы туулган М.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арызында М.Ү. аттуу чала тааныш аял анын ишенимине кирип жерин 40 миң долларга баалап алганын билдирген.

«Ошол эле учурда М.Ү. аттуу аял жабырлануучуга таандык жерди турак үйлөрдү курууга башкаларга сатып жиберген»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү М.Ү. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүү уланууда.

Количество просмотров: 164