• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө уурулукка шектелген жаран кармалды

13 Кулжа 2022 12:15 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 10-июнда Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 1987-жылы туулган Р.А. кайрылып, бир күн мурда Таш-Мойнок айылындагы үйүнөн 67 миң сомдук курулуш материалдарын уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин («Уурдоо») негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары буга чейин да ушул сыяктуу кылмышы үчүн соттолгон Өзгөн районунун пробация кызматында каттоодо турган 1999-жылы туулган М.А. кармалган. Ииликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн Арашан айылынын аймагында да бир катар уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталып, кылмыш жасаган учурда видео байкоо камерасына түшүп калганы такталган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 272