• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

21 Теке 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү жабырлануучуга бала бакчанын ачылышында иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам берүүнү убадалап, бирок алдап кеткен.

«Арыз ээсинин айтымында, аял андан ири суммадагы акча алган, андан кийин дайынсыз жоголгон. Окуя фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 39 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүүдө. Шектүүнүн аракетинен жапа чеккендер милицияга төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0312363527, 0312363523.

Количество просмотров: 527