• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө баңгизатын алып жүрүүгө шектелип 2 адам кармалды (сүрөт)

19 Чын куран 2021 12:18 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИББнин кайгуул күзөт кызматкерлери баңгизатын алып жүрүүгө шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

«2021-жылдын 17-апрель күнү болжол менен саат 20:00 чамаларында Ысык-Ата районунун аймагында өткөрүлүп жаткан рейд иш-чарасынын алкагында Чүй облусунун ИИББнын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналы тараптан азиат улутундагы балдардын жүргөнү шек жаратып, алардын тиешелүү документтерин текшерүү учурунда, бейтааныш балдар каршылык көрсөтүшүп качып кетүүгө аракет жасашкан. Кайгуул күзөт кызматкерлери тарабынан ал балдар кармалышып, текшерүү учурунда, жанынан целлофан баштыкчага салынган кочкул жашыл түстөгү өзгөчө спецификалык жыты бар зат табылып, жалпы салмагы 800 граммды түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, кызматкерлер тарабынан кармалган 1991-жылы туулган Н.А. жанна 1994-жылы туулган Ж.А. атуу балдар Ысык Ата РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул окуя кылмышталдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүруш иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 74