• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө балаты майрамы учурунда мектептин шыбагы түшүп калды

25 Бештин айы 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

Москва районунун Александровка айылындагы Ясыр Шиваза орто мектебинде жаңы-жылдык балаты майрамы өтүп жаткан учурда мектептин шыбагы түшүп калды. Бул тууралуу Turmush жазды.

Маалыматка ылайык, 24-декабрда болжол менен саат 14:00 чамасында мектептин залында жаңы жылдык балаты майрамы өтүп жаткан учурда залдын шыбагы түшүп калган. Анын кесепетинен окуучуларга музыка коюп жаткан диджей жабыркап кала жаздаган.

Айыл тургундарынын айтымында, директор менен бирге оңдоо иштери боюнча тиешелүү жактарга бир нече жолу кайрылып, бирок жыйынтык чыкпай келген.

Мектеп директору Мээрим Аширбаева майрамдык иш-чара дароо токтотулганын билдирген.

«Саат 12:00дө башталгыч класстарга балаты майрамы өтүп жаткан. Ошол учурда бурч тараптагы шыптын кичинекей бөлүгү музыкант балага тийген. Ал дарыгерге барып келди. Балаты майрамы дароо токтотулду»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 210