• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чүйдө «Бандит» рейди болуп өттү

27 Бештин айы 2021 18:14 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИББнин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан «Бандит» аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин алкагында Чүй ОИИББнын криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан ИИМдин алдын алуу боюнча каттоосунда турган жана уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген жарандарга КР «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамынын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук жана башка эл көп топтолгон жайларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, андан сырткары мурда соттолгон жарандар текшерилип аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чара учурунда ИИМдин алдын алуу боюнча ыкчам каттоосунда турган шектүүлөр кармалышкан. Алар — КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча шектүү 1975-жылы туулган У.А. жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча шектүү 1988-жылы туулган Д.Э. аттуу жарандар болгон.

Количество просмотров: 204