Чүй облусуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында белгисиз жаран эки милиция кызматкерине кол салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ала-Арча айылында болжол менен саат 14:15 чамасында 40-45 жаштардагы эркек киши мас абалда милиция кызматкерлерине кол салган. Натыйжада Аламүдүн РИИБинин кызматкери жаракат алган.
Милиционер эскертүү максатында асманга ок чыгарган. Кызматкер менен аларга кол салган адам ооруканага жеткирилген. Ал эми кол салган адам 51 жаштагы С.Д. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы айтылды.