• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Чүйдө бир күндө 17 мас айдоочу аныкталды 

18 Чын куран 2024 9:17 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун аймагында жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында «Бахус» профилактикалык мүнөздөгү рейддик иш-чара өтүүдө.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында 17-апрелде мас абалында унаа башкарган 17 айдоочу кармалган. Мындан тышкары, каршы тилкеге чыгуу, ылдамдыкты ашыруу, маневр жасоо эрежелерин бузуу жана башка жол эрежелеринин бузулушу боюнча 244 протокол түзүлгөн.

Учурда облустун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу иш-чарасы уланууда.

Количество просмотров: 64