• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө дайынсыз кеткен өспүрүм кыздар эки жумадан бери изделип жатат

17 Баш оона 2018 11:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Аламүдүн райондук милициясы эки жумадан бери эки өспүрүм кыздарды издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, районго караштуу Ак-Тилек айылынын тургундары 15 жаштагы Бегимай Акматалиева менен 13 жаштагы Аземгүл Койлубаева 4-августта үйлөрүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда. Милиция бул кыздарды көргөн-билгендер болсо байланышка чыгууга чакырууда.
Бул үчүн 0(312) 36-35-27, 0(550) 51-09-05, 0(700) 20-96-66 номурларына чалып кабар берсе болот.
Количество просмотров: 26