Бүгүн, 17-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Граждандык кодексине, Үй-бүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Тазабек Икрамов, Нилуфар Алимжанова, Чыңгыз Ажибаев, Динара Ашимова, Аида Исатбек кызы, Шарапаткан Мажитова, Айбек Маткеримов, Алишер Эрбаев, Айсулуу Мамашова.
Жыйында баяндама жасаган Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жыл өткөн сайын социалдык мекемелерде улгайган адамдардын саны өсүүдө, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багуу жагынан алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Аталган мыйзам долбоору укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева калктын укук коргоо органдарына болгон ишенимин жогорулатуу, ошондой эле кызматкерлердин кадрдык потенциалын күчөтүү үчүн чараларды көрүү керектигин белгиледи.
Ал эми депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорун колдоп, ошону менен бирге демилгечилерди Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу мөөнөттөрүн так көрсөтүүгө чакырды. Буга Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобого ылайык, бул мөөнөт 1 күн түзөрүн билдирди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.