• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Тажикстанда алимент төлөбөгөндөр көбөйдү

8 Бирдин айы 20249:00 Бишкек Govori.TV

2023-жылы Тажикстанда алимент төлөөдөн качкан жарандардын саны өстү.

Тажикстан өкмөтүнө караштуу Сот аткаруучулар кызматынын маалыматы боюнча, былтыр алимент төлөөдөн качкан 398, 2022-жылы 283 кишиге кылмыш иши козголгон.

Алимент төлөөдөн баш тарткандардын 12си аялдар. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчиси Барно Саидвализода билдирди.

Тажикстанда алимент төлөөдөн баш тарткандарга айып пул салынат же 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Алиментти өз убагында төлөбөгөн жана жашаган дарегин жашырган 568 жаран изделүүдө, бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 170 адамга көп.

Количество просмотров: 85