Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында Токмокко жакын жерде болгон автокырсыктан каза тапкандар 10 кишиге жетти.
Буга чейин бул кырсыкта 7 адам каза болгону маалымдалган.
Кошумчалагандай, кырсыктан жаракат алган дагы беш адам Токмок шаарындагы ооруканада, бирөө Бишкек шаарында жана дагы бир киши Кантта ооруканада жатат.
Кечээ, 1-сентябрда болжол менен саат 15:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында Субару Аутбек, 2 Мерседес-Бенц спринтер, Тойота-Камри жана Тойота-Вокси үлгүсүндөгү 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, автоунаалардын бири катуу ылдамдыкта бара жатканда дөңгөлөгү жарылып, айдоочу ээ боло албай албай каршы тилкеге чыгып бус менен кагышкан.