• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдөгү «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери эне-баланы сүзүп кетти

28 Баш оона 2018 13:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.

Кант шаарынын Лебединовка айылында жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы аял каза болуп, 3 жаштагы баласы ооруканада жатат. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-августта саат 12:30 чамаларында Унааны орусиялык «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери башкарып бара жаткан. «42 жаштагы аял 3 жаштагы баласы менен жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп жатканда аны Hundai Tucson үлгүсүндөгү жеңил унаа келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен аял окуя болгон жерден каза болуп, ал эми 3 жаштагы наристе балдар ооруканасына жеткирилген.
Унаанын айдоочусу «Кант» авиабазасында иштеген капитан деп айтышууда.
Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды», — деп кошумчалады басма-сөз кызматынын өкүлү.
Количество просмотров: 26