• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдөгү коронавирус аныкталган ата-бала 12-мартта Дубайдан келишкен

30 Жалган куран 202013:30 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы республикалык штабдын мааыматына ылайык, Чүй облусунда коронавирус аныкталган эки адам — Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургундары. Белгилүү болгондой, оору аныкталган ата-бала 12-мартта Дубайдан учуп келген. Алар үй карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон.

28-мартта текшерүү учурунда бул адамдар жаңы коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Учурда алар ооруканага жаткырылып, үй-бүлө мүчөлөрү жана айылда байланышта болгондор карантинге алынды.

30-мартка карата Кыргызстанда 84 адам СOVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Алардын ичинен үч адам оор абалда реанимацияда жатат.

Количество просмотров: 290