• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө үйүнө өрт коюп, башка адамдын өлүмүнө себепкер болгон жаран камакка алынды

18 Бугу 2021 13:38 Бишкек Govori.TV

Кара-Балтада үй-бүлөлүк жаңжалдан улам батирин өрттөп, кошуна батирдеги жарандын өлүмүнө себепкер болгон жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-май күнү Кара-Балтадагы батирлердин биринде өрт чыккандыгы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция, өрт өчүрүү кызматкерлери жана Тез жардам кызматы барган. Өрттүн кесепетинен батир толугу менен күйүп, өрттүн түтүнү жогорудагы батирлерге көтөрүлгөн. Өрттөнгөн батирде 53 жаштагы С.Т. жана 54 жаштагы С.А. аттуу жубайлар жашап келишкен. Бирок кырсык учурунда үй ээлери үйдө жок болушкан.

«Тилсиз жоонун кесепетинен башка батирдин ээси 57 жаштагы Р.Г. түтүнгө ууланып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын коногу 40 жаштагы П.Н. түтүнгө ууланып ошол жерде каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде өрттөнгөн батирдин ээси кармалган. Башында үй ээси өрткө тиешеси жоктугун айткан, кийинчерээк батирин үй-бүлөлүк жаңжалдан улам өрттөгөнүн мойнуна алган.

Бул факт Жазык кодексинин 261 («Коопсуздук эрежелерин бузуу») жана 135-беренеси («Шалаакылык менен өлүмгө алып келиши») менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Количество просмотров: 78