Кемин районунун Орловка шаарындагы көлмөгө чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине 3 суучул, 2 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана чөккөн жарандын туугандары тартылды. Бул тууралуу ОКМ кабарлады.
Маалым болгондой, 9-июнь күнү, кечкээ маал эс алууга барып, көлмөгө 1991-жылы туулган 2 жаран чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
10-июнда суучул-куткаруучулар Ж. уулу А. аттуу жарандын сөөгүн суудан алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бүгүн сууга чөккөн экинчи К.А. аттуу жаранды издөө иштери жүрүүдө.