Ысык-Көлдө сууга чөккөн жаранды издөө иштери уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31-август күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатында (1985-ж.т. С. Д.) аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги туралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:10до Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 суучул жана 1 офицер тартылган. Кошумча маалымат берилет.