• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө кафе кызматкерлери өспүрүм кызды зордуктаган. Милиция эмне дейт?

8 Баш оона 202216:39 Бишкек Govori.TV

Чүйдө “Алтын Казына” кафесинин кызматкерлери өспүрүм кызды зордуктаган. Бул тууралуу кыздын жакындары социалдык тармактарга жазды.

Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, 7-август күнү Аламүдүн райондук милициясына 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Ал 7-августка караган түнү белгисиз адамдар Лебединовка айылында анын 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызын зордуктагандыгын билдирген.

У.Ж.аттуу жарандын арызы Аламүдүн райондук милициясына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

“Бул факты Чүй облустук милициясынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, өз кезегинде окуянын бардык жагдайлары иликтенип, күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде толук чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1375