• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Свердлов райондук соту 15 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жаранды актады

12 Чын куран 2024 15:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту 15 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган жаранды актады. Бул тууралуу жактоочу Айсулуу Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, сот корутунду бөлүгүн окуп, айыпталуучунун реабилитацияга болгон укугун таануу менен актоо өкүмүн чыгарган.

«Райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз»,-деди жактоочу.

Буга чейин зордуктоого кабылган жаш кыздын атасы тергөөгө нааразы болуп, Акыйкатчыга кайрылган.

Количество просмотров: 156