• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүйдө кафеден өрт чыкты

13 Жетинин айы 202316:47 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы кафеден чыккан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жерине бир күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. «Тилсиз жоо саат 13:48де толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоонун кесепетинен тамактануучу жайдын 200 чарчы метр чатыры менен шыбы күйүп кеткен.

Количество просмотров: 185