• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө кичинекей кызды жүк ташуучу унаа сүзүп кетип каза болду

24 Жалган куран 202615:33 Бишкек Govori.TV

Москва районундагы Садовое айылында секелек кыз жүк ташуучу унаанын алдында калып, каза тапты.

Чүй облустук милициясы, кырсык 23-мартта болгонун, окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы кабарлады.

Кыз жолдогу жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратканда катуу келе жаткан жүк ташуучу унаа коюп кеткен. Секелек ошол жерден көз жумган.

Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда жөө адамдар өтмөгүнөн өтүп келе жаткан адамдарды өткөрүү үчүн жеңил унаа токтогонун, ал эми кийинки тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа өтмөктөн өтүп бараткан кызды коюп кеткени тартылган.

Теги:
Количество просмотров: 119