Аламүдүндө коомдук транспортто жүргүнчүнү бычактаган жаран кармалды. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 21-июль күнү коомдук транспортто болгон.
«Шектүү О.А аттуу жаранга коомдук транспортто кол салган. Тергөөнүн жүрүшүндө кол салган адамга коомдук транспортто өзүнүн жүрүм-туруму боюнча эскертүү жакпай, ортодо чыр чыкканы аныкталган. Натыйжада шектүү жүргүнчүгө бычак сайган. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектелип кармалган Ж.Ж. аттуу адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.