• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чүйдө кудуктун ичинен адамдын сөөгү табылды

27 Бирдин айы 2020 10:59 Бишкек Govori.TV

Чүйдө кудуктун ичинен табылган адамдын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 27-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Аламүдүн районуна караштууЭнергетик шаарчасында болгон. Турак үйдүн жанындагы кудукта (люк) белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине төрт куткаруучу барып, ичиндеги эркек кишинин сөөгүн алып чыгышкан.

Капкагы ачык калган кудукка адамдар түшүп кетип каза болгон, жараат алган учурлар дайыма катталып келет.

2018-жылдын күз айларынан 2019-жылдын апрелинин ортосуна чейин Бишкек шаарындагы 600дөй кудуктун капкагы жана арыктардагы жаан өткөрүүчү торчолор уурдалганын мэрия кабарлаган болчу.

Количество просмотров: 790