• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

4 Бирдин айы 20229:16 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Макаров тапанчасы (ПМ), Калашников автоматынын 5,45 жана 7,62 калибрдеги бир нече гильзалары жана Макаров тапанчасы 9 мм, Казакстан Республикасынын транспорт каражатынын мамлекеттик номуру, ошондой эле жардыргыч түзүлүштөрдү колго жасоо үчүн башка буюмдар жана заттар катылган жер табылды.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дарылар кылмыштуу элементтер тарабынан кылмыш жасоо үчүн даярдалып жаткан.

Табылган куралдардын келип чыгышы жана жашыруун сактоону уюштурган адамдар аныкталууда.

Количество просмотров: 168