Ысык-Ата районунда мал уурулугуна шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-ноябрь күнү милицияга 1973-жылы туулган М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрынан 25-ноябрга караган түнү анын эки баш бодо малын белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 1999-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда уурдалган малдар табылып, ээсине кайтарылып берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат.