• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чүйдө мечит катары пайдаланылган мектеп мамлекетке кайтарылды

20 Жалган куран 2024 14:16 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бирдик айылындагы мектептин баасы 709 чарчы метр жери менен 22 миллион 84 миң сомду түзөт.

Ысык-Ата райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кант райондук администрациясы (азыркы Ысык-Ата райондук администрациясы) жана Бирдик айыл өкмөтүндө иштегендер айылдагы мектептин имараты менен анын жер тилкесин мечит катары пайдалануу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп жибергени аныкталган. Билим берүү мекемесинин имараты мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Количество просмотров: 183