Чүй ОИИБдин маалымат кызматы Кантта мушташ учурунда ок атылганы тууралуу маалымат берип, иш козголгонун билдирди. Маалым болгондой, окуя 24-сентябрда болгон.
«Укук коргоо органдарына кайрылган 33 жаштагы аял күндүз унаа жууган жайдын алдында белгисиз бирөөлөр жолдошуна ок атканын айтып, бир нече кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздын негизинде милицияга 1995-ж, 1994-ж жана 1993-жылы туулган үч адам жеткирилип, пневматикалык тапанча алынган. «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголду», — деп жазылат маалыматта.
Бул факты боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Факты боюнча 2024-жылдын 25-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.