• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Чүйдө медайым кан тамырын кесип, өз өмүрүнө кол салды

19 Бугу 2022 17:58 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда кан тамырларын кесип, суицид жасоого аракет кылган медайымдын окуясы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде Кемин РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда колунун кан тамырларын кесип, суицид жасоого аракет кылган аял ооруканага түшкөнү айтылган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып жабырлануучу К.Н. экени, ал медайым болуп иштей турганы аныкталган. Ал өзү иштеген медициналык жайдын директору менен чырдашып, мындан улам кан тамырларын кескенин билдирген. Сурак учурунда бейтап түшүндүрмө берүүдөн кескин түрдө баш тарткандыктан акт түзүлгөн.

Бул факты электрондук журналга каттоого алынган. Кийинчерээк, тагыраагы, медайым 3-майда арыз менен милицияга кайрылып, жумуштан кет деп мажбурлап, коркутуп жаткан директорго карата чара көрүүнү өтүнгөн.

«Медайымдын кесиптештери суракка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн бир катар териштирүү амалдары аткарылууда.

Количество просмотров: 1275