• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Чүйдө мектеп окуучулары мушташты

18 Тогуздун айы 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда мектеп окуучуларынын арасында мушташ чыгып, бир өспүрүм жабыркады. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Облустук милициядан билдиришкендей,16-октябрь күнү Сокулук РИИБине Новопавловка айылында өспүрүмдөр ортосунда мушташ чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда өспүрүмдөр «мушташ болду» деген маалыматты четке кагышкан.

«Көп өтпөй, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине денесинен жаракат алган 2006-жылы туулган А.Н. кайрылып, амбулатордук жардам алганы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 411