• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө милиция кызматкери сабалды

31 Бугу 2022 13:42 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунда улук инспектор бейтааныш адам тарабынан сабалды. Маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 13-майда саат болжол менен 23:00 чамасында болгон. Анда Свердлов РИИБдин улук инспектору Т.А. Чүй ОИИББине арыз менен кайрылган. Арызда Аламүдүндөгү көчөлөрдүн биринен белгисиз адам инспектордун артынан келип оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, денесине залал келтирип качып кеткени айтылган.

Бул факты 280-берене (ээнбаштык) менен каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

«Шектүү 2001-жылы туулган С.Л. экени такталды. Учурда аны издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 412