• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Чүйдө мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөр демонтаждалды

13 Теке 2023 12:11 Бишкек Govori.TV

Чүйдө мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөр демонтаждалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Төмөнкү-Аларча айыл аймагында мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөрдү аныктоо боюнча рейд өтүп, алардан чыккан калдыктар, таштандылар жергиликтүү коллектордук-дренаждык тармактарга куюлары аныкталды.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз түтүктөр демонтаждалып, аны орноткон үй ээлерине жана ишканаларга Укук бузуу кодексинин 246-беренесинин негизинде 4 протокол түзүлүп, 22 миң сом айыппул салынды.

Количество просмотров: 114