• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Чүйдө поезд жеңил унааны 10 метрге чейин ыргыта сүздү. Эки адам мерт кетти

31 Жалган куран 201913:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.03.2019.Govori.TV.

Чүй облусунун Москва районунда поезд жеңил автоунааны сүзүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Кырсык бүгүн, 31-мартта Бишкек-Ош автоунаа жолунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа 10 метрге чейинки аралыкка ыргып кеткен.

Бул окуяны Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктап, учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кабарлашты.

Количество просмотров: 12