• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Чүйдө үрөй учурган кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду

14 Кулжа 2024 12:20 Бишкек Govori.TV

Садовое айылында үрөй учурган кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы.

«11-июнь күнү саат 06:30 чамаларында “Хонда Степ ваген” оң рулду үлгүсүндөгү унаасы “Ош-Бишкек” унаа жолунан батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, 38-чакырымынан, Садовое айылында жолдун четинде токтоп турган “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унасын артынан сүзгөн, андан кийин “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаасы астында турган “Форд Транзит” үлгүсүндөгү унаасын барып сүзүп алган.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаасына жүк жүктөп жаткан жаран каза болуп калган. Андан сырткары “Хонда Степ вагон” үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү Москва районун ооруканасына жаракаттары менен кайрылган», — деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 255