• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

 Чүйдө өрттөн улгайган аял каза болду

12 Аяк оона 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

Сокулукта өрттөн 84 жаштагы пенсионер каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Дача Прогресс айылында жалпы аянты 65 чарчы метр 2 кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүү учурунда бөлмөнүн ичинен 1938-жылы туулган Р.Р.И. аттуу аялдын сөөгү табылган.

Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 143