• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Чүйдө таксист бычакталды

7 Бештин айы 2023 16:09 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Луговое айылында таксистти бычактап, тоноп кетишти. МаалыматтыЧүй облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 6-декабрь күнү эки жаран 52 жаштагы таксиге түшүп, 500 метр өткөндөн кийин кол салышкан.

«Айдоочуга бир нече жолу бычак сайып, акчасын жана телефонун алып кетишкен. Жабырлануучу учурда Чүй облустук ооруканада дарыланып жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Бүгүн кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 255