Чүй облусунун Сокулук районунда таксисттин кекиртегин кесип, таш менен уруп өлтүрүшкөн. Шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, 12-мартта Сокулук районунун Белек айылынын тургундары адамдын жансыз денесин табышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, 24 жаштагы эркек адам экени аныкталган. Ошондой эле маркумдун денесинде ур-токмоктон калган издер табылган.
Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы
Бишкекте такси кызматтарынынын биринде иштеп жүргөн Ысык-Көл облусунун 24 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну каза болгонун тастыктаган.
«Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.