• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Чүйдө цехтен өрт чыкты

19 Үчтүн айы 20249:37 Бишкек Govori.TV

Чүйдө цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсү менен Айланма унаа жолунда жайгашкан цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 03:41ден тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган.

«Өрттүн жалпы аянты 360 чарчы метрди түздү. Өрт өчүрүүчүлөр цехтин ичинен 10 кислород баллонду сыртка чыгарышып, анын жаралышынын алдын алышкан»,-деп жазылат маалыматта.

Такталган маалымат боюнча, темир буюмдарын өндүргөн цехтен чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 121