Бүгүн чүйдүн Москва районунда баштапкы этабында 100 адамды жумуш оруну менен камсыздаган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда “Тулпармоторс” унаа чыгаруучу заводу ачылды. Анын ачылыш аземине мамлекеттик сапары менен Ташкентте жүргөн президент Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев видео байланыш аркылуу катышып, старт берди. 10 миллион доллар жумшалып, 4.5 гектар жерди ээлеген завод жылына 10 миң унаа чыгарары тууралуу маалыматтар айтылды.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Аида Усенбекова өкмөт бул заводдун ачылышына бир катар жеңилдиктер берилгенин белгиледи.
«Мисалы, Автотранспорт каражаттарын жөнөкөйлөштүрүлгөн сертификациялоону киргизүү, бажы-салык преференцияларын берүү, транспорт каражаттарын алгачкы каттоодогу жыйымдарды төлөөдөн бошотуу, жеңилдетилген автокредиттөөнү ишке киргизүү жана мамлекеттик сатып алууда жеңилдиктерди берүү каралган”-деди.